Өлкөдөгү пайда берүүчү бардык ишканалар сатылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетти жоюп, ишканалардын акцияларын Өнөр жай министрлигине, аэропорттун акцияларын Транспорт министрлигине өткөрүп берүү керек. Ансыз ишканаларды тартипке келтирүү мүмкүн эмес, деген сунуш киргизди депутат Акматбек Келдибеков. Анын айытымында, электр тармагы мамлекетке эмес, белгилүү бир адамдарга пайда алып келүүдө. (AJ)