Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

14:35 Н.Бордюжа Орто Азиядагы кырдаалга тынчсызданды


Бишкектеги эл аралык медиа-форумда ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа
аймактагы эконмикалык жана социалдык кыйынчылыктардан улам радикалдык ислам топтору өз ишмердигин кеңейтип жатканын билдирди. Алардын стратегиялык максаттары Борбор Азияда демократиялык түзүлүштү сүрүп чыгарып, Фергана чөлкөмүндө “Халифат” жарыялоосу Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын бүтүндүүлүгүнө коркунуч туудурат,-деди Бордюжа. Ал ошондой эле баңги заттарын мыйзамсыз алып өтүү аймакта туруктуулук, коопсуздук проблемларын жаратып, Орто Азия КМШ өлкөлөрүнө, Россия жана Европага Ооганстандан баңги заттарын алып өтүүчү корридор болуп жатканын айтты. Анын пикиринде, аймактагы жалпы коркунучтарга чекаралар аралык кылмыш кошулуп, массалык жок кылуучу куралдарды алып өтүү жана биологиялык террорчулук коркунучу пайда болуп, техногендик жана жаратылыш кырсыктары өсүүдө. Бордюжа Орто Азия мамлекеттерине Ооганстандагы согушкерлер топторунун жана Талибан кыймылынын коркунучу бар экенин баса белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG