Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

17:25 Ысыккөлдөгү “Алатоо” эс алуу жайынын жумушчулары нааразылык билдиришти


ЫСЫККӨЛ. Эс алуу жайдын жумушчулары үчүн салынган квартирада жашагандар чыгарылат дегенге андагылар каршы чыгышты:
- "Бизди коркутуп атышат, кайда барарымды билбейм, мен отко күйүп өлөйүн деп атам. Жети балам бар",-деди экинчи топтогу майып Эрмек Мамытова . Аны менен 33 жумушчу нааразылык билдирип чыгышты. “Алатоо” эс алуу жайынын директору Жумадыл Мажикеев болсо профсоюздук мындай имараттарды менчиктештирүү мыйзамда жок экенин билдирди. Муну уккандар мурдагы директор Сартовдун убагында жумушчулар үчүн бөлүнгөн жерлерди Конституциялык соттун төрайымы Баекова, Кыргыз курорттун башчылары Бозгунбаев, Шаболотовалар бөлүп алганы боюнча отчет берилмейинче үйдөн чыкпайбыз деди. Белгилеп кетчү нерсе өткөн жылы бул жер жети кишиден турган болсо, “Айдин” фирмага катталганы боюнча кадр бөлүмүнүн башчысы Алтынгүл Назарбекова иликтей башаганда, ал кызматынан четтетилген эле. (RB)

XS
SM
MD
LG