Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

18:10 Барскоон-Тосор-Кумтөр жолу ачылды


Буга байланыштуу Барскоондо жыйын өткөрүлүп, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, облус губернатору Кыдыкбек Исаев, Жетиөгүз районунун акими Замирбек Турдукеев жергиликтүү тургундардын коюп жаткан талаптарын, алардын пикирлерин угушту. Үсөн Сыдыков бул маселе боюнча колунан келген жардамын берерин айтты. Жыйынытыгында жергиликтүү тургундар жолду ачууга макул болушту. Жума күнү жергиликтүү тургундардын өкүлдөрү Бишкекке барышып, коюп жаткан талаптары боюнча тиешелүү адамдар менен сүйлөшө турган болушту. Ысыккөл облусунун Жети Өгүз районундагы беш айылдын тургундары Барскоон жана Тосор айылы аркылуу Кумтөр алтын кенине өтүүчү жолду 20-майда кайрадан тосушкан эле.(AJ)

XS
SM
MD
LG