АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Прагада өтүп жатат. Кошмо штаттар рактедан коргонуу боюнча жабдууларын Чехия менен катар Польшага да жайгаштырууну көздөөдө. АКШнын ырастоосунда, алар Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ыктымал ракеталык чабуулунан коргонууга багытталган. АКШнын мындай пландары НАТО уюмунун ичинде ажырымды, Орусиянын катуу каршылыгын жаратты. Муну Чехия тургундарынын көбү да колдобойт.