Башкалаа Багдадда бүгүн миналанган эки автоунаанын жарылуусунан кеминде 31 киши каза тапты, 80ден ашууну жараат алды. Бүгүн ошондой эле белгисиз куралчандар полициянын үч офицери түшкөн автоунааны буктурмага алып, алардын экөөсүн мерт кылды, бирөөсү жараат алды. Ал эми өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында америкалык жана ирактык аскерлер барымтадан 12 адамды бошотушту. Рейд учурунда 9 козголоңчу жок кылынган.