Форумда башкы доклад менен чыккан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа жарандык коомдун, маалымат каражаттарынын жардамысыз жыйырма биринчи кылымда уюмга мүчө мамлекеттердин алдында турган коркунучту жеңүү мүмкүн эмес экендигин белгилеп, медиафорумдун максатын ушуну менен түшүндүрдү. Баш катчы докладында негизги көңүлдү Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунуч туудурган жагдайларга жана ага каршы туруу максатында жасалып жаткан аракеттерге бурду:
- Региондогу өлкөлөрдө радикалдык ислам өз ишмердүүлүгүн кеңейтип жатат. Борбор Азия мамлекеттеринде ачык коомду кулатып, Фергана өрөөнүндө халифат түрүндөгү диний түзүлүштү орнотуу стратегиялык максат бойдон кала берүүдө. Бул аймактагы геосаясий кырдаалды дестабилдештирери тууралуу айтпаганда да, дароо үч мамлекеттин – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурат.
Бордюжанын айтымында, мындан тышкары Борбор Азия КМШ, Орусия аркылуу Европага баңгизат ташыган транзиттик коридор бойдон кала берүүдө. Ооганстан олуттуу проблема бойдон кала берүүдө:
- НАТОнун Ооганстанда ириде террорчул жана башка топторду жок кылуу максатындагы «Жалтанбас күч» операциясы бир орундан жылбай турганы сыр эмес. Ооган аймагындагы талиб кыймылы кайра тыңып алды. Коалициялык күчтөр алсызданган шартта биздин региондогу жамаатташ өлкөлөр талиптердин агрессивдүү күчтөрү менен бетме-бет калышы мүмкүн.
Мындай коркунучтарга каршы туруу үчүн уюм кошумча долбоорлорду ишке ашыруу камын көрүп жатат. Бордюжа аймактагы коркунучтарды алдын алууда маалымат каражаттары менен кызматташтык башкы милдеттердин бири деп белгиледи.
Ал эми медиа форумду ачкан Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган терроризм, экстремизм, наркотрафик өңдүү көрүнүштөрдү чагылдырууда журналисттерди жоопкерчиликке чакырды:
- Мындай жагдайда атамекендик масс-медиа мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, саясий стабилдүүлүктү сактоодо, күжүрмөн, конструктивдүү, жаратман болушу керек.
ЕККУнун Бишкек кеңсесинин өкүлү Маркус Мюллер, маселен, терроризмге байланышкан оор окуяларды кеңири чагылдырууну жактыра бербейт:
- Мен көп учурда кечинде телевизор көрүп отуруп, Ирак же Ооганстандагы окуяларды көргөндө өчүрүп салгым келет да, эгер ушул окуялар көрсөтүлбөсө, өзгөрүү болор беле, теракттар азыраак болор беле деп өзүмө суроо берем.
Форумга катышкан жергиликтүү жана орусиялык серепчилер маалымат каражаттары чуулгандуу окуяларга азгырылып, өздөрү аңдабай туруп террорчуларга жардам берип жатышат дешти.
Анткен менен, маалымат даярдоо менен алектенген журналисттер маалымат каражаттарынын терроризмди чагылдыруу жаатында чектөө пайда алып келерине ишенишпейт. Маселен, «Народная газетасынын» редакторунун орун басары Александр Никcдорфтун пикиринде журналист эл бардык маалыматтарды алуу укугуна ээ, ал эми аны чынчыл, так жеткирүү журналисттин кесипкөйлүгүнөн көз каранды.