Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ФУТБОЛ: МИЛАН 2 ЖЫЛ ИЛГЕРКИ УТУЛУШУ ҮЧҮН ӨЧ АЛУУГА ДАЯРДАНУУДА


Бүгүн кечинде Афиныда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы өтөт. 2 жыл илгери англиялык Ливерпулга уттуруп койгон италиялык АС Милан бул жолу өчүн ала алабы?

Адегенде 2 жыл илгери болгон матчка көз чаптырсак. Мындай драматикалык финалды УЕФАнын Чемпиондор Лигасы өз тарыхында көрбөсө керек. Стамбул шаарында өтүп жаткан матчты көрүп отургандардын айрымдары оюндун аягын күтпөй эле телевизорлорун өчүрүп коюшту. Эмне дегенде, жарым сааттын ичинде эле Милан эсепти 3-0го жеткирди.
Бирок эң кызыгы тыныгуудан кийин бшталды. 6 мүнөттүн ичинде Ливерпуль 3 гол киргизип, кошумча убакыттан кийин пеналтиден жеңип алды.
Матчтын башында жеңиштен үмүт үзүп калган Ливерпулдун фандары кубанычка батышты.

Эми, 2 жылдан кийин Миландын өч алууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар.Манчестер Юнайтедди жарым финалда 3-0 эсебинде жеңген италиялык команданын машыктыруучусу Карло Анчелотти Милан тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт деп ишенет:

-Бардыгыбыз жакшы формадабыз. Бул күндөрү жакшы машыктык. Чыныгы Миландай мыкты ойношубуз керек, өз оюнубузду, бардык күчтүү жактарыбызды көрсөтүшүбүз керек.

Стамбулдагы матчтан бери эки командада тең бир топ өзгөрүүлөр болгону менен, бүгүн кечинде талаага эски жылдыздар да чыгат.

38 жаштагы ветеран Паоло Малдини ушуну менен 8-жолу Чемпиондор Лигасынын финалында ойнойт.
Былтыркы дүйнө чемпиону Женнаро Гаттузого Ливерпулдун чабуулчусу Стивен Жерардды көзөмөлдөө тапшырылды. Голландиялык Кларенс Сиидорф болсо Ливерпулдун дарбазасына чабуул коюп турмакчы.

Англиялык клубтун машыктыруучусу Рафаэль Бенитес Жерарддан көп үмүт артып жатканын айтат:

-Биз Чемпиондор Лигасынын финалына экинчи ирет чыгып жатабыз. Чемпиондор Лигасын же Премьер Лиганы жеңгибиз келсе Жерарl жана башка негизги оюнчуларыбызды кармап калышыбыз керек.

Бүгүнкү матчтын жылдызы бразилиялык Кака болот деп күтүлүүдө. Дал анын голдору Миланды финалга чейин алып келди.

Бирок, ким билет, даңазалуу Битлздин жердештери бул жолу да эрдигин көргөзүп, элди таң калтыраар.
XS
SM
MD
LG