Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

КАЗАКСТАНДА ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КҮЧҮНӨ КИРДИ


Казак президенти өлкө Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Парламенттин кош палатасы өткөн жума күнү жактырган мыйзам 22-майда расмий басма сөздө жарыяланды. Конституцияга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык Нурсултан Назарбаев эми президенттикке өмүр бою шайлана алат. Айрым байкоочулар бул көрүнүш Казакстандын эл аралык коомчулуктагы беделине таасири тийгизиши мүмкүн экенин, бирок мунайга жана башка табыгый байлыктарга байланышкан кызыкчылыктардын көлөкөсүндө каларын айтышууда.

Конституциянын жаңы үлгүсүндө президенттин кызмат мөөнөтү жети жылдан беш жылга түшүрүлдү. Бирок бир адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт деген жобо биринчи президент катары Назарбаев үчүн колдонулбай турган болду. Казак Конституциясына сунуш кылынган ушул жана башка өзгөртүүлөрдү парламенттин кош палатасы өткөн аптада экинчи окуудан 17 мүнөттүн ичинде эле жактырды. Жаңы башмыйзамга ылайык, парламенттин төмөнкү палатасы- Мажлиске шайлоо эми партиялык тизме боюнча өткөрүлөт, ага катар парламенттеги орундардын саны 116дан 154кө чейин көбөйтүлө турган болду жана ага айрым бир кошумча укуктар берилди. Лондондогу "Жейнс" иликтөө уюмунун Борбор Азия боюнча аналитиги Мэттью Климентс казак Конституциясына киргизилген соңку өзгөртүү практикалык жүйөөдөн улам Казакстандын дүйнөдөгү беделине олуттуу деле таасир тийгизе албасын белгилейт:

- Менимче, бул казак саясатын бекем көзөмөлгө алган Назарбаевдин саясатынын улантылышы. Бирок өзгөртүү Батышка демократияга багыт алганын көргөзгөн башка өзгөртүүлөр менен кошо ишке ашырылды. Менимче, Казактандын минералдык байлыгына сырткы күчтөрдүн кызыгуусу кандай болгон күндө да тынчызданууларды жеңип кетет.

Анткени эл аралык коомчулук мунайга бай Казакстан менен кол үзгүсү келбейт. Ушундай эле ойду "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак кызматынын директору Мерхат Шарипжан да айтат:

- Ага өмүрүнүн аягына чейин кызматта калууга мүмкүндүк берген бул өзгөртүүлөр Батыш өлкөлөрүнүн көбүндө демократиялык эмес кадам катары каралган күндө да, Батыштын мунай, газ, башка ресурстар боюнча кызыкчылыгы үстөмдүк кылып кетчидей жана адатта боло жүрчүдөй эле Назарбаев өзүн суу үстүндө кармай алат.

Констиция өзгөртүлүп жатканда казак депутаттарынын ичинен экөөсү гана каршы болгон эле. Алардын бири Амалбек Тышан "Азаттыктын" Астанадагы кабарчысына буларды айтты:

-Чексиз дегенге каршымын. Ким болсо ал болсун демократиялык эрежелер сакталышы керек. Адамдар бири-биринен артык эмес. Биринчи президентби, экинчисиби. Бир гана өзгөртүү- Мажлистин депутаттарынын саны көбөйтүлгөнү гана кубаттоого аларлык. Калган өзгөрүштөрдө демократиянын белгиси жок. 15 берене боюнча биз парламент эмес, президенттин укугун кеңейттик.

Курагы алтымыш алтыга келген Назарбаевдин бийликтеги азыркы мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Конституциянын жаңы жоболорун пайдалануу жагынан анын кандай пландары бар экенин азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG