Бул жыйынды Эл аралык ишкер кеңештин Оштогу бөлүмү менен бизнес-ассоциациялардын конгресси уюштурууда. Анда облустун географиялык өзгөчөлүгү, облусту өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган кан жолдор кошуна өлкөлөрдүн анклавдарын аралап өткөндүктөн чек ара тосмолорунда чыр-чатактар чыгып тураары тууралуу сөз болуп, айланма жолдорду ондоо маселелери талкууга алынмакчы. Жыйынды уюштуруучулардын пикиринде, айланма жолдордун курулушу ишкерликти өнүктүрүүгө жана аймакка инвестицияга тартууга жол ачат. (SM)
8:10 Бишкекте бүгүн Баткен облусундагы транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланат