Алмаз Атамбаев аймактагы кырдаал менен жеринен таанышып келүүгө ниеттенип жатканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалымат кызматынын билдирүүсүндө премьер-министр 14-апрелде Таласка барган учурда убада бергендей Жерүй алтын кенин иштетүүдө экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынганы жана экологиялык экспертизалардын эскертүүлөрү эске алынган техникалык долбоор иштелип чыкмайынча «Андаш» кенин иштетүүгө тыюу салынганы белгиленген.(SM)