Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

16:50 Д. Сарыгулов: премьер-министрдин ууланышы документалдуу далилденмейинче, эч ким ишенбейт

Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов премьер-министрдин ууланган фактысы тышкы жана ички саясатта чоң маанилүү окуя жана ал Жогорку Кеңеште токтоосуз талкууланышы керек деп эсептейт. Дастан Сарыгуловдун пикиринде, ууландыруу чынында эле орун алган болгон болсо, ал врачтардын көрсөтмөсү, медициналык анализдер жана башка документтер менен далилдениши керек. Муну жасашка премьер-министрдин колундагы бийлиги жетишет. Мындан сырткары, эгер шек түшүп жаткан болсо, медициналык кызмат менен күзөт кызматы токтоосуз иликтөө жүргүзүүгө тийиш. «Эгер ууландыруу документтер менен ырасталбаса, көз каранды эмес эксперттер муну кезектеги саясий оюн катары эсептешке аргасыз болот»,- деп белгилейт Дастан Сарыгулов.
XS
SM
MD
LG