Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Шон МакКормактын билдиргенине караганда, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн топтому, жалпысынан алганда, оң багыттагы кадам. Өзгөртүүлөрдүн бири Нурсултан Назарбаевге өмүрүнүн аягына чейин президенттикке шайланууга мүмкүндүк берет. Анын азыркы мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Ошондой эле келечекте президенттин айрым бийлик укуктары парламентке берилет. Парламенттин төмөнкү палатасы - Мажлиске шайлоо партиялык тизме боюнча өткөрүлөт.
Кошмо Штаттар Казакстанда өлкө Конституциясына киргизилген соңку өзгөртүүлөрдүн туура жактары бар деп эсептейт