Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

АКШ АБА БАЗАСЫНЫН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨППҮ?


Кыргыз парламентинин бир катар депутаттары АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндө маселе козгошту. Парламенттин беш комитети 23-майда өткөргөн талкуунун жыйынтыгында бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу жөнүндө сунуштар айтылды. Айрым депутаттар шайлоочуларын көтөрүп, базага барчу жолду тосууга даяр экендиктерин билдиришти. Жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрү АКШнын аскердик базасынын мындан аркы тагдырын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатканын белгилешип, анын тыянагын күтө турууга чакырышты.

Жогорку Кеңештин беш комитети өткөргөн жыйында АКШ аба базасынын мындан аркы тагдыры талкууланды. Депутаттар өтө оор маселе талкууланып жатса да көпчүлүк министрлердин орун басарлары гана келишкенин сынга алышты. Бир катар депутаттар Манас аба майданында жайгашкан АКШ аскердик базасынын өлкөдөн чыгарылып кетүүсүн ачык колдошту. Өкмөт мүчөлөрү АКШ аба базасы Ооганстандагы согуштук иш-чараларга байланыштуу гана түзүлгөндүгүн, учурда ал жакта абал туруксуз болгондуктан бул маселеге бир тараптуу чекит коюуга эртелик кыларын билдиришти. Айрым өкмөт мүчөлөрү бул аскердик база Кыргызстандын коопсуздугуна да кепил болорун айтышканы менен депутаттар мындай жүйөгө ынашкан жок.

Талкуунун жыйынтыгында, депутаттар президенттин жардыгы менен түзүлгөн комиссия өз жыйынтыгын чыгарган соң, маселе парламентте талкуулана тургандыгын жарыялашты. Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Исхак Масалиев базага байланыштуу буларды айтты:

- Эгемендүү мамлекет болгондон кийин бул жерде эч кандай башка мамлекеттин базасы болбошу керек. Аскердик база болуп аткандан кийин алардын өздүк максаттары бар. Башка бир мамлекетке бомба алып барабы, курал алып барабы, аскер алып барабы, аларга каршы аскер күчтөрүн колдонуп атат. Бизде ошол мамлекет менен согуштук абал жок. Эмне себептен биз буларга кошулуп алып ошого барышыбыз керек.

Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Рашид Тагаев, кыргыз бийлиги өтө эле чабалдык кылып жатканын, кала берсе кыргыз жаранын атып салган АКШ аскерине карата чара көрүүгө чама-чаркы жетпегени өкүнүчтүү экендигин баса белгиледи. Ал эми жаш саясатчы Алишер Мамасалиев, айрым депутаттардын Ганси базасына карата айткандарын туура эмес деп эсептейт. Айрым депутаттар бул маселеге келгенде эмоцияга алдырып, жакшылап ойлонулбаган сөздөрдү айтып жатканы өлкөгө утуш алып келбесин айткан А.Мамасалиев, базанын геосаясий жана экономикалык жактарын да сөзсүз эске алуу керек деген ойдо.

Өкмөт мүчөлөрү болсо АКШ аба базасын чыгарып кетүү маселеси Ооганстандагы абалга байланыштуу болоруна токтолушуп, учурда ал жакта абал курч экендигин айтышты. Коргоо министринин 1-орун басары Кубанычбек Орузбаев, бул Гансинин ишинен ачык көрүнүп турарын билдирди:

- Базадан жылына канча киши өтөрүн караңыздар. 2002-жылы 100 миң, 2003-жылы 104 миң, 2004-жылы 110 миң, 2005-жылы 115 миң, 2006-жылы 120 миң киши өткөн. Ошол себептүү бул базанын ишин карап көрүп, Ооганстандагы аскердик аракеттер төмөндөгөнүн айтууга болбойт.

Ал эми бул база ичине кирген аймактан шайланган депутат Хажимурат Коркмазов, базанын өлкөдөн чыгарылышы үчүн элди жол тосууга алып чыгууга да даяр экендигин ырастады. Анын айтымында базанын пайдасынан зыяны көп болуп жатат:

- Ачык эле айтып коёюн. Мен өзүмдүн шайлоочуларымды алып чыгып, аэропортту да, алардын базасын да тосуп салам. Менин шайоочуларым алардын үстүнөн аскердик учактар учуп, төбөсүнө май чачып уулагандарын каалашкан жок. Азыр Ооганстанда өздөрүнүн бийлиги, президенти, парламенти бар.

Борбор шаар Бишкектен обочороокто, Манас аба майданында жайгашкан АКШнын аскердик аба базасы 2001-жылдын декабрь айында эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Аба базанын негизги максаты, Ооганстанда жүргүзүлүп жаткан «Кыйрагыс эркиндик» деп аталган аскерий иш чарага көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бирок, айрым адистердин баамында бул аба база барган сайын күч алып бараткан Кытай менен акыркы убакта кайрадан чыңалып келаткан Орусияга карай багытталган. Ар кыл эсептер боюнча АКШнын «Манас» аба базасында 800-1000дин тегерегинде аскер кызмат өтөйт. Ушул мезгилге чейин бул базада кызмат өтөгөн аскерлер катышкан бир канча кылмыш иштери катталып, алардын бирөөсүнүн да кылмыш жообуна тартылбаганы көптөгөн нааразычылыктарды жараткан. Алардын эң чуулгандуусу 2006-жылдын 6-декабрында болуп, анда Закари Хэтфилд аттуу америкалык аскер кызматкери кыргызстандык Александр Ивановду кызматтык «Беретта» тапанчасы менен атып салган. Кыргызстандын атайын кызматтары аны күнөөлүү деп тапканы менен учурда бул аскер өлкөдөн чыгарылып кеткендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Буга байланыштуу өткөн жумада АКШ аба базасын кетирүү максатында атайын коомдук кыймыл түзүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн өлкөдөгү коммунисттер түздү. Айтмакчы, бул аба базаны кетирүү керектигин айтып келаткан парламент депутаты Исхак Масалиев, Кыргызстандагы коммунисттер партиясын жетектейт.

2006-жылы президент Курманбек Бакиев, базаны колдонгондугу үчүн төлөнчү акыны 2 миллион АКШ долларынан, 200 миллионго чейин чыгарууга ниети бар экендигин билдирген. Бирок, узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ өкмөтү аба база үчүн төлөмдү кошкондо жалпысынан Кыргызстанга жылына 150 миллион долларлык жардам берип турууга макулдугун берген.

XS
SM
MD
LG