Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

АКШ ТЕГИ ИРАНДЫК ОКУМУШТУУГА ТЕГЕРАН ТАККАН АЙЫПТЫ ЧЕТКЕ КАКТЫ


Кошмо Штаттар Иран америкалык-ирандык окумуштуу аялга таккан айыптарды четке кагып, аларды болбогон кеп катары мүнөздөдү. Вашингтондогу Вудро Вильсон институтунун кызматкери Халех Эсфандиари ушул айдын башында Тегеранда камакка алынган эле. Ирандын бийликтери аны өкмөткө каршы аракеттерге катышы бар деп айыптоодо.

Вашингтондогу Вудро Вильсон институтунун кызматкери, 67 жаштагы Халек Эсфандиари өзүнүн түпкү мекени - Иранга 93төгү энесин көрөйүн деп барган экен. Бирок былтыр декабрда кайра АКШга кайтаар алдында анын ирандык да, америкалык да паспорту уурдалган. Иран бийликтери жаңы паспорт жазып берүүдөн баш тартышып, тескерисине коопсуздук кызматынын өкүлдөрү суракка алууга киришкен. Акырында, быйыл 8-майда ал Тегерандагы айтылуу Эвин түрмөсүнө камалды.

Ал эми Ирандын чалгын министрлиги 21-майда жасаган билдирүүсүндө Эсфандиари иштеген Вильсон институтунун Иран боюнча долбоорун Сорос фонду колдорун, аталган фонд эски совет өлкөлөрүндөгү "түстүү ыңкылаптарда" чечүүчү роль ойногонун белгиледи. Иран министрлигинин ырастоосуна караганда, Халех Эсфандиари баштапкы тергөө учурунда, Сорос фонду Иранда бейрасмий түйүн уюштурганын, анын башкы максаты өкмөттү кулатуу экенин айткан.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Шон МакКормак мунун эртеси жасаган билдирүүсүнө окумуштууга тагылган айыптарды четке какты:

- Иран өкмөттү чындап бул айыптоолорду ишке ашырабы же жокпу, ал- болбогон гана кеп.

Кызматкери Иранда "жибек ыңкылапты" ишке ашырууга багытталган аракеттерге тартылган деген ырастоолорду Вудро Вильсон институтунун жетекчилиги да төгүндөдү. Вильсон борборунун директору Ли Хамилтон Иран бийликтерин окумуштууну бошотууга чакырды:

- Вильсон борборунун Иран өкмөтүнө өтүнүчү жөнөкөй эле. Халех кетүүсүнө, жубайына, үй-бүлөсүнө, ишине кайтуусуна мүмкүндүк бергиле.

Халех Эсфандиарини бошотууга Иран бийликтерин Кошмо Штаттардын бир катар саясатчылары, окумуштуулар жана адам укугун коргоочу уюмдары да үндөштү. Ал эми Жакынкы Чыгыштын 100дөй окумуштуусу менен эксперттери биргелешкен билдирүүсүнө бул окуяны Иранда адам укуктарын коргоо, жарандык коомду чыңдоого аракеттенгендерге карата өкмөт учурда жүргүзүп жаткан куугунтуктун бири көрүнүшү катары мүнөздөштү.

Ирандын айтымында, Кошмо Штаттар Эсфандиаринин камалышына кийлигишпөөсү керек. Эсфандиари АКШнын да, Ирандын да жараны болуп эсептелгени менен ага Ирандын мыйзамы боюнча мамиле жасалат. Анткени Иран кош жарандуулукту тааныбайт.

Айтор окумуштуунун камакка алынышы Иран менен АКШ ортосундагы мамиле курчуп турган мезгилге туш келди. Эсфандиари соңку айларда Ирандан Кошмо штаттарга кете албай калган кош жарандыгы бар адамдардын жалгызы эмес. Тегеран бийликтери "Фарда"радиосунун журналисти Парназ Азиманын да паспортун алып коюшкан жана аны өлкөдөн чыгарбай жатышат.

Бул аралыкта Сорос фондунун Ачык коом институту Тегеранда алар менен кызматташкан, ирандык –америкалык Каян Тажбахш аттуу жаран камакка алынганын кечээ 23-майда маалымдады. Институттун маалыматына караганда, окуя 11-майда болгондой. 21- майдагы билдирүүсүнө Ирандын чалгын министрлиги Сорос фондунун Ирандагы жетекчиси жана өкүлү аныкталып, иши тергөөгө алынарын да айткан эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG