Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

“АКТРИСА” СПЕКТАКЛИ ТАМАРА ЖУМАКАЕВАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН


Бүгүн Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында драматург Кайрат Иманалиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Актриса” спектакли жүрүп жатат. Аталган спектакль Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Тамара Жумакаеванын жаркын элесине арналган.

Маркум өмүр бою театрда иштеп жүздөн ашык образ жараткан. Ал ойногон спектаклдер бир эле Кыргызстанда эмес, чет мамлекеттерде да көрсөтүлгөн. Мына ушул жараткан ийгиликтери жана жеке жашоосу спектаклде чагылдырылат деди Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрынын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков.

Драманы режиссер Шамбет Меңдибаиров сахналаштырган. Абдыкадыр Жакшылыковдун билдиргенине караганда бул спектакль буга чейин да коюлган. Ал эми бул жолку көрсөтүлө турган оюн оңдолуп түздөлгөн вариянты.

Спектаклде башкы ролду, башкача айтканда Тамара Жумакаеванын ролун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Дамира Баратбаева ойнойт.

-Мен Тамара Жумакаева менен көп жыл чогуу иштешкем, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин жанында болгом. Андыктан анын образын жаратуу кыйынчылыкка турду, спектаклде ыйлагым келип жатат. Эми ролду эженин өзүндөй аткарбасам да, образын ачканга аракеттенип жатам-деди Дамира Баратбаева.

Бул спектаклге Маданият министрлигинен театр сынчысы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аваз Сырымбетов баштаган комиссия мүчөлөрү күбө болушкан. Аваз мырзанын пикиринде жаңыча коюлган, актерлук ансамбли бар спектакль болгон. Комиссиянын мүчөлөрү акылдашып, бул спектаклди июнь айында өтүүчү республикалык театр фестивалында көрсөтсө болот деп чечишкен.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG