Европа Биримдигинин колдоосу менен академияны ачууга көмөктөшүүгө Алмаз Атамбаевди Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Гревлих 23-майдагы жолугушууда чакырган. Өз кезегинде бул идеяны гениалдуу деп баалаган өкмөт башчы, «таза суунун келечекте кандай баалуу болорун жана Борбор Азиядагы дарыялардын башаты Кыргызстанда экенин эске алганда бул өтө маанилүү» деп белгилеген. Суу-энергетикалык академиянын имаратын куруу, ага байланыштуу техникалык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү элчи өкмөт башчыдан жолугушууда өтүнгөн. (AiT)