Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

7:00 Барскоондон келген өкүлдөр бүгүн Бишкекте тиешелүү жетекчилер менен жолугушууларды өткөрмөкчү

Анда жергиликтүү элдин койгон талаптары боюнча сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу Барскоон-Кумтөр жолун тоскон эл менен президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун ушул шейшембиде болгон жолугушуусунда макулдашылган. Сүйлөшүү үчүн Бишкекке жергиликтүү элдин атынан 6 өкүл келгенин «Азаттыкка» «Карек» бейөкмөт уюмунан кабарлашты. Ысыккөлдүн бир катар айылдарынын тургундары «Кумтөр боюнча башкы келишим кайра түзүлсүн жана Барскоон кырсыгынан жабыркаган элдин чыгымы толук төлөнсүн» деген талап менен бир канча күн жол тосушуп, президент кеңешчиси баштаган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн соң мындан үч күн мурда жолду ачышкан. (SM)
XS
SM
MD
LG