Өзбек прокуратурасы аны президент Ислам Каримовго «жалаа жапкан» деп айыптоодо. «Немец толкуну» радиосу үчүн иштеген Юрий Черногаевдин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиришине караганда, ага мындан сырткары улуттук коопсуздукка зыян келтирчү маалымат тараткан жана салык төлөөдөн качкан деген да айыптар тагылууда. Журналист муну бийликтин чагымы катары баалап, өзбек бийликтери журналисттерди унчукпоого мажбурлоо аракетин көрүүдө деп эсептейт.