Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Ооганстанда 6 полициячы мерт болду


Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Пактика аймагында жол боюнча коюлган бомба жарылуусунан полициянын 6 кызматкери жана аймактын жетекчилеринин бири ажал тапты. Пактика губернатору Акрам Хпалвак бул окуя үчүн талибан согушкерлерин айыптады. Мындан сырткары өлкөдөгү кечээки кагылышууларда 10 жайкын тургун курман болгон. Ошол эле учурда АКШ баштаган коалициялык күчтөр жүргүзгөн операциялар учурунда 18 талиб согушкери жок кылынганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG