Каржы министри Акылбек Жапаров жетектеген эксперттик топтун курамында юстиция министри Марат Кайыпов, курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Кадырбеков, геология жана минералдык ресурстар агенттигин жетекчиси Владимир Зубков, «Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Жакыпов жана Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Жусуп Иманалиев бар.
Премьер-министр Алмаз Атамбаев Кумтөр боюнча сүйлөшүүдө алга жылыш бар деп 24-майда билдирди:
-Кумтөр боюнча биздин пайдабызга карай жакшы жылыштар бар.
Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов сүйлөшүүлөр жүрүшүндө тараптар документтер менен таанышып, ар ким өзүнүн позициясын ачыктоодо деп, буларды белгиледи:
-Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы болсо, алар биздин кызыкчылыкты коргогон чечимге барбаса, анда биз сотко беребиз (Камекону).
Министр ошондой эле сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан сүйлөшүүнүн мазмуну, жыйынтыгы боюнча азырынча эч нерсе айта албасын кошумчалады.
«Центерра голд инк» менен сүйлөшүүгө катышып жаткан геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубков азырынча кандайдыр бир ийгиликтер жана натыйжалар жөнүндө сөз жок экендигин билдирди:
-Азыр эч кандай прогресс жок. Болгону алардын эксперттери келип, бардык маселелерди талкууга даярдыгын билдирүүдө. Прогресс алардын сүйлөшүүгө даярдыгында, талкуулардан баш тартпагандыгында гана бар десек болот.Кандайдыр бир натыйжалар жөнүндө азырынча сөз да жок. Жалпылап айтканда биз «Центеррадагы» үлүшүбүздү көбөйтүүнү каалап жатабыз. Ал эми канчага экенин айта албаймын.
Эксперттик топтун башчысы Акылбек Жапаров «Де факто» гезитине берген маегиндеги маалыматка караганда, кыргыз тарап өз үлүшүн 51%дан 61% чейин көбөйтүүнү көздөп жатат. Белгилүү болгондой 2003-жылдагы келишимге чейин Кумтөрдөгү кыргыз тараптын үлүшү 67% болуп, келишимден кийин 33% болуп калган. Мындайга жол берген мурунку кыргыз чиновниктери сот жоопкерчилигине тартылыш керектигин Жапаров маегинде белгилей кеткен.
Өлкөнүн тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев, эксперттик топко адис кенчилердин киргизилбей калганын сынга алып, бирок сүйлөшүүнүн жүрүшүн мындай баалады:
-Каржы министринин интервьюсуна караганда, бир топ аракеттер жасалып жатыптыр. Бирок биздин оюбузча муну жөнөкөй эле чечсек болот. Ал үчүн 2003-жылдагы келишим боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарыш керек. Байкашыбызча эксперттик топ эми бир топ кенен изилдөөлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Эми алар элдин суроо-талаптарын түшүнүп жатышат. Ошондуктан жаңы өкмөт бул маселени жакшы эле чечет деген ойдобуз.
Канадалыктар менен сүйлөшүүлөр 16-майдан бери жүрүп жатат. Азырынча анын канчага чейин созулаары белгисиз, деп айтышты биз менен маектешкен кыргыз өкмөтүнүн эксперттик тобунун мүчөлөрү.