Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

АЗЫРКЫ КОҢГУРОО


«Кыргыз руху» гезити Конституциялык реформа кан буугандай токтогонун, бийлик төөсүн кыядан өткөрүп алганча оппозиция жолбашчыларынын бири Алмаз Атамбаевди өкмөт башына апкелгенин, эми мавр өз ишин кылганын, демек мавр саясат айдыңынан кетиши керектигин, кеткенде да жөн кетпей, маврчасынан башты бийик көтөрүп, уу ичип-би, же дагы ушул сыяктуу бирдеме кылып-бы, айтор кетиши керектигин, антпесе Бакиевден мурда Шекспир чалды уят кыларын какшыкка кактаган гезит, бакандай өкмөт башчысынын ууланышын мамлекеттик телеканал көрмөксөн болсо, Бакиев укмаксан болгонун, эмнеси болсо да бул өтө жаман эскертүү болуп калганын, убагында Баяманды да адегенде мурунга атып эскертишкенин, кийин ал октон качакан кийиктей далбастап, заманасы куурулуп, «мени атып кеткени жатышат» деп Куловго келгенин, ошонун баарын көрүп-билип туруп эле Дооронбек Садырбаев айтмакчы, «колдон-буттан байлап туруп киши өлтүргүчтөргө салып бербедик беле?» деп коомчулукка коңгуроо какты.

Майлуусуудагы атактуу электрлампа заводунун таштанды төгүлгөн жайында эки жылдан бери жергиликтүү жана коңшу өзбек тургундары таңдан кечке таштанды чукулап, никель терип жүрүшөт. Бийиктиги 60-70 метрге жеткен таштанды урап түшүп, ажалын тапкандар да болгон, бирок ач-жылаңач адамдар 1 кило никель таптса анысын 750 сомго өткөрүп, тиричлик кылышууда. Майлуусуунун никель терип жанбаккан эли ал «таштанды тоолорду» «Кумтөр» деп атап алышканын бүгүн жарыкка чыккан «Заман Кыргызстан» гезити «Никель лихородкасы» же жаңы «Кумтөр» жагдайы» деген макаласында баяндады.

Кыргызстанда Орусия таасири жанданып, антиамерикалык маанай күч алганын, ошол эле убакта депутат Сабировдун айтуусу боюнча «Манас» аэропортун арендалагандыгы үчүн төлөнүп жаткан америка долларлары өлкө казынасына түшпөй эле «Манас» аэропорту акционердик коомунун кассасына түшүп жатканын, кокусунан Кыргызстан америкалык аскер күчтөрүнүн кызматынан баш тарта турган болсо, анда анын коопсуздугун оогандык талибдерден коргоп алганга Шанхай Кызматташтык Уюму менен Жамааттык Коопсуздук Уюмунун кудурети жетер бекен, деп жазды «МСН суббота» гезити

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун генералдык деректири Балкыбеков мындан ары деле Токтогул ГЭСинен түшкөн олчойгон пайдага туйтунууну ойлоп келет. Ал үчүн биздин33 миң гектар жер үчүн тарткан кайгыбыз, көз жашыбыз, бүгүнкү базар мамилесиндеги оор тагдырыбыз Балкыбеков үчүн 1 тыйынга арзыбагандыгы таң калтырат». Президент К.Бакиевге, ЖК төрагасы М.Султановго, өкмөт башчысы А.Атамбаевге, Жогорку Сот төрагасы К.Осмоновго багышталган кайрылуу кат ушинтип башталып, көл түбүнөн көчүп чыккан токтогулдуктар үчүн электр энергиясын жагуу бекер болушун, Балкыбековдун отставкага кетишин, эгер Балкыбеков ишмердүүлүгүн уланта берсе Бишкек-Ош жолун тосуп, Камбар Ата ГЭСинин курулушун токтотууга барышарын билидиришкен. Кат бүгүн жарык көргөн «Кыргыз туусу» гезитине жарыяланды.

«Агым» гезити Майлуусуудагы сатылып кеткен электрлампа заводунун артында өлкөнүн экс-Генералдык прокурору Камбаралы Коңгантиев турганын, Коңгантиев дегендер бүгүн коомдо кандай күч экендигин билбегендер жоктугун, баса, мурдагы президент Акаев жана анын үйбүлөсү аймап кеткендерди атайын комиссия бирден терип, санап, аты-жөнү, дарегинен өйдө көргөзүп берсе дагы дайны чыкпай тим болгонун, анткени, Акүйдү аралай чапкан бийлик төбөлдөрүнүн бул арам дүйнөгө түз дагы, кыйыр дагы тиешелери бар экенин, жакында «Коррупцияга каршы күрөш жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюму мына ушул алдым-жуттумдардын тизмесин жазып алып, Акүй алдына чыккан жатат деген маалымат тараганын кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG