Бул тууралуу бүгүн Таласта иш сапары менен жүргөн премьер-министр Алмаз Атамбаев билдирди. “Бул өкмөттүн чечими жана ал аткарылышы керек”, деди өкмөт башчы. “Жерүй” алтын кенинде жумуштар буга чейин Таластын тургундары уюштурган жол тосуулардан жана митингдерден улам токтотулган болчу. “Эгерде мындан ары да ушундай митинг, пикеттер жана жол тосуулар улана берсе, анда күч колдонулат”, деп билдирди А. Атамбаев.
Премьер-министр А.Атамбаев “Андаш” жана “Жерүй” алтын кени боюнча областтын активисттери менен жолугушуу үчүн бүгүн эртең менен Таласка келген. (MSu)
Премьер-министр А.Атамбаев “Андаш” жана “Жерүй” алтын кени боюнча областтын активисттери менен жолугушуу үчүн бүгүн эртең менен Таласка келген. (MSu)