Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

11:50 А.Атамбаев Аксай айылында “Жерүй” жана “Андаш” кендери боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүүдө

“Азаттыктын” Таластагы кабарчысы маалымдагандай, учурда Аксай айылында премьер-министрдин катышуусу менен болуп жаткан жолугушууда миңге жакын жергиликтүү эл катышууда. Милициянын эки жүзгө жакын кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алып турат. Анда алтын кендеринин иштешине каршы чыккан активисттер дар сөз суйлөп, “Жерүй” жана “Андаш” кендеринин иштеп башташы экологиялык кырсыкка алып келээрин айтышууда.
“Казакстандан алган маалыматтар боюнча, Жерүй” кенинде 8-9 баллдагы жер титирөө болушу мүмкүн деген коркунуч бар”, деди Аксай айылынын тургуну Шумкарбек Жумакеев. Жолугушуу учурунда “Андаш” кенинин техникалык планын кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды.(MSu)
XS
SM
MD
LG