Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

15:45 Талас областынын тургундары Бишкек-Талас жолун бууп турушат


Таластагы кабарчыбыздын билдиргени боюнча, учурда 500гө жакын адам Талас областынын Аксай айылында Бишкекке кетчү жолду жаап турушат. Алар премьер-министр Алмаз Атамбаевдин 28-майдан тартып Жерүй кени иштей баштайт, деп билдиргенине нааразы болушууда. Кабарчыбыздын айтымында, бир нече мүнөт мурун А.Атамбаев Бишкекке кетип баратып жолду бууп тургандар менен жолугушту. Алар “Жерүй” жана “Андаш” кендери көз карандысыз экспертизадан өткөрүлсүн, анын жыйынтыктары белгилүү болмоюнча “Жерүй” кени ишин токтотуп турсун деген талаптарды коюшту. А.Атамбаев: “Мен Жерүй кенинин ишин токтото албайм, себеби кендин ар бир иштебеген убакытына Кыргызстан айып төлөйт”, деп жооп берди. Өкмөт башчы Жерүй кени дүйшөмбү, 28-майда өз ишин улантат деп билдирди. (MSu)

XS
SM
MD
LG