Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫНЫН ТАГДЫРЫНАН


1965-жыл. Жадыраган жайдын июнь айы. Бишкек шаары. Азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын концерттик залы. Кезектеги республикалык өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунун жеңүүчүлөрүнүн корутунду концерти өтүп жатты.

Жаш шайырлар биринен сала бири чыгып өнөрлөрүн тартуулап жатышты. Кезек кең Чүйдүн Ысыката районунун Киров айыланан келген орто бойлуу, нур жүздүү 16 жашар Зейнеп Шаакеевага келип, обончу Аксуубай Атабаевдин улан кыздардын жалындаган жаштыктын шамындай, жайдын жарык таңындай, 18 жаш курагына арналган ырды не бир мукамдуу үн менен аккордеондун коштоосунда ырдап жатты:

Он сегиз жаш
Тоодо тунук булак белең
Болбосо андан учкан бубак белең,
Кайрылбай кайда кеттиң айтчы деги,
Адашып айылыңды өскөн сурап келем.

Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең,
Болбосо боз туйгундун шаңы белең,
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?

Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең,
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең,
Кош эми өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.

Зейнеп бул ырды созолонткондо залы ичи дүркүрөгөн кол чабууларга жаңырат.

Ысымы белгисиз жаш ырчынын тунук үнүнө, жайнаган жүзүнө, аткаруучулук чеберчилигине асылдана түшкөн угуучулар кайра-кайра кол чабышып, Зейнептен дагы бир ырды аткарып берүүнү өтүнүп жатты. Концертти алып барып жаткан жаш кыз сахнага чыга келди да: “Кадырман угармандар! Сиздердин сурооңуздар боюнча жаш ырчы Зейнеп Шакеева обончу Аксуубай Атабаевдин “Чагылган” аттуу ырын аткарып берет” дегенде кайрадан кол чабуулар дүңгүрөдү.

Жаш бийкеч угармандардын суроосу боюнча обончу Аксуубай Атабаевдин эки жаштын бири-биринен жарым карыш чыккылары келбеген махабатын баяндаган “Чагылган” аттуу ырын аткарды:

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай,
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан,
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жашы ырчы кезектеги ырды кайрадан өзгөчө кумарлана ырдаганда зал ичи кайрадан дүркүрөгөн кол чабууларга бөлөндү.

1966-жыл. Зейнеп Кыргыз улуттук филармониясынын эл шайырлар тобуна кабыл алынат. Сахналык тажрыйбасы аз, аткаруучулук чеберчилиги жетишсиз жаш ырчы көрүнүктүү ырчылардан аткаруучулук чеберчиликти кандайча көтөрүү, такшалтуу, үндү жетилтүү ж.б. жөнүндө баалуу кеңештерди алат.

Зейнептин элдик ырчы аталышына, шыгынын жанышына, өркүндөшүнө залкар дирижер Асанкан Жумакматов башкы саяпкерден болот. Ал ырчынын үнүнө, аткаруучулук чеберчилигине төп келген обондору, сөздөрү терең мазмундуу, эл жүрөгүнөн түнөк тапкандай ондогон ырларды иштеп чыгат. Ал өзү жетектеген Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Зейнепти ырдатып, калк алдына алып чыгат. Шаакееванын туубаса ырчылык шыгы, аткаруучулук жүзү обончулар Үсөн Сыдыковдун “Кыргыз күүсү”, “Күн чыгышым”, “Сени ойлосом”, “Өзүңдү эстеп”, Бейшеке Жандаровдун “Жыпары белең баланын”, “Сагынга”, “Өкүнүч”, Аксуубай Атабаевдин “Таалайбек”, “Чагылгын”, “Он сегиз жаш” аттуу махабат ырларын оркестрдин коштоосунда ырдап чыккан күндөн аткаруучулук чыгармачылыгы бажырая ачылып, угармандардын урматтоолоруна ээ болот.

Шаакееванын кыргыздын элдик салттуу ыр дүйнөсүнө келишин, хормейстр, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов мындайча сыпаттайт:

- Зейнеп Шаакеева айтылуу Мыскал Өмүркановадай калк арасынан чыккан элдик ырчы. Шаакееванын сахнага келиши менен өзүнчө бир ыр чыгармачылыгына жаңылык келген. Үнүнүн диапазону, аткаруучулук чеберчилиги жагында нукура элдик болгондуктан, ал ырдаганда элге жагымдуу, жүрөгүнө жетимдүү, ар бир инсандын сезимине таасир бергендей чеберчиликте аткарчу. Ошол кезде жылдын экинчи жарымында Шаакеева ыр майданына жалгыз келген жок, ал артынан өзүнчө бир агымды ала келди. Алсак, Г.Момушева, Г.Мамашева ж.б. ыр дүйнөсүнө келишип, өзүнчө бир бурулуш жасашты. Булар К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ырчылары катары өздөрүнүн издерин калтырышты.

- Зейнеп айым, ырчылык шыгың ашып-ташып турган кезиңде күтүлбөгөн жерден Кыргыз филармониясын таштап кетишиңе эмне себепчи болду эле?

- Менин филармониядан күтүлбөгөн жерден кетишимдин себеби, биринчиден үй-бүлөмдүн шарты болбой калды. Балдарым чоңоюп, мектепке бара башташты. Кичүүлөрүн болсо гастролго чыкканда өзүм менен бирге алып жүрүүгө туура келди. Аларды алып жүргөндө “элге да, жерге да батпайсың” дегендей, көпчүлүк менен командировкага чыкканда балдарың менен батпайт экенсиң. Бирөө ыйлайт, бирөө сүйбөйт, бирөө жаман көрөт. Эки баламдын бирөө биринчи, экинчиси экинчи класста окуп калды. Жолдошум күндүр-түндүр иштечү. Ошондуктан кетип калууга аргасыз болдум.

- Зейнеп айым, филармониядан кеткенден кийин кайда иштеп жүрдүң? Сенин ырчылык тагдырыңа кызыккандар болдубу?

- Менин ырчылык, жеке тагдырыма кызыккан киши деле болгон жок. Филармониядан кеткенден кийин китеп палатасында бөлүм башчысы болуп иштеп жүрдүм. Төртүнчү кызым төрөлүп калды. Китеп палатасынан кетүүгө туура келди. Андан кийин Ленин райком партиясынын “Билим” коомунда иштеп жүрдүм. Советтер Союзу кулады. Андан кеткенден кийин бешинчи кызымды төрөдүм. Ошол бойдон иштеген жокмун.

- Филармониядан кеткенден киийн маданият министрликтен, филармониянын жетекчилеринен тагдырыңа кызыккандар болдубу?

- Эч ким кызыккан жок. Филармонияда иштеп жүргөндө ооруп жатсаң да программага кирип, афишага чыгып калды, ырдап кой дешчү. Айла жок ырдачумун. Филармониядан кеткенден кийин эч ким эстеп да, ойлоп да койгон жок.

Кадырлуу эс алууда жүргөн белгилүү ырчынын бүгүнкү күндөгү жашоо турмушун көрүп, кыргыздын “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деген накыл кеби бекер айтылган эмес экен деп, Зейнеп менен кош айтыштым.
XS
SM
MD
LG