Учурда алар Талас областтык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат. Кармалгандардын ичинен эки аял түнкү саат үч чендерде бошотулган. Таластагы кабарчыбыз маалымдагандай, ички иштер кызматкерлери кечээ Талас областынын Аксай айылында Бишкекке кетчү жолду бууп алгандардын лидерлерин кечээ түнү суракка чакырышып, убактылуу кармоочу жайга отругузушкан. Аларга кечээ премьер-министр А. Атамбаев Бишкекке кайтып келатканда коштоп келаткан унаалардын бирине таш ыргыткан деген айып коюлууда. Ал эми активисттер муну чагым катары баалашууда. Алардын айтымында, ошол жерде турган милиция кызматкерелери жаңжал чыгаруу үчүн өздөрү таш ыргытышкан.
Кечээ өкмөт башчы А. Атамбаев “Жерүй” жана “Андаш” кендери боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуу үчүн Таласка барган. Бирок “Жерүй” кенинини иштешине каршы чыккан 500гө жакын адам Талас-Бишкек жолун бууп алган. Алар кендер көз карандысыз экспертизадан өткөрүлсүн, анын жыйынтыктары белгилүү болмоюнча “Жерүй” кени ишин токтотуп турсун деген талаптарды коюшкан. Премьер-министр кендер көз карандысыз экспертизадан өтөт деп убада кылган соң нааразы болгондор Талас-Бишкек жолун ачышкан. (MSu)