Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

16:17 Кеминде кайра шайлоо өтүп жатат


Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча депутаттыкка эки талапкер: Эрик Арсалиев жана Сейтек Чалбаев ат салышууда. Чүй областы боюнча кабарчыбыздын билдиргени боюнча, укук коргоочулар №24 шайлоо участкасында одоно мыйзам бузуулар болуп атканын белгилешүүдө. Укук коргоочу Токтайым Үмүталиеванын айтуусунда, шайлоочулар мөөнөтү өтүп кеткен паспорттор менен келип добуш берип жатышат. Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы мыйзам бузуулар катталган-катталбаганы туурасында азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча буга чейин Бермет Акаева талапкерлигин көрсөтүп келген. Бирок БШК Бермет Акаева Кыргызстанда эки жыл туруктуу жашаган эмес деген негизде ат салышуудан четтеткен чечим чыгарган.(MSu)

XS
SM
MD
LG