Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

16:50 Б.Акуновдун туугандары күнөөлүүлөр жазасын албаса нааразычылык акциясын башташат


Белгиленген мөөнөт бүткүчө Нарын шаардык милиция бөлүмүндө муунуп өлдү делген Бектемир Акуновдун ишине байланыштуу шектүү адамдарды прокуратура кармап, суракка албаса, анын жакындары нааразычылык акцияларын башташмакчы. Бул тууралуу маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, Б.Акуновдун өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 15 күндөн кийин соңуна чыгат. Б.Акунов Бириккен фронттун апрель айларында болгон митингисине активдүү катышкан. Ал митинг учурунда Нарын шаарына барып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Эртеси анын муунуп өлгөндүгү тууралуу кабар тараган. Бирок, бир катар укук коргоочулар менен анын туугандары буга ишенбей, Б.Акунов милиция кызматкерлеринин токмогунан жан берген дешет.(IJz)

XS
SM
MD
LG