Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

ОРУСИЯ:«ЮБИЛЕЙНАЯ» ШАХТАСЫНДА КЫРСЫКТАН 39 АДАМ МЕРТ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Бүгүн Новокузнецкиде 24-майда «Юбилейная» шахтасы жарылганда өлгөн шахтерлердун төртөөнүн сөөгүн жерге берүү каадасы өттү. Кечээ болсо 34 шахтердун сөөгү жерге берилген. Кийинки келген маалыматта дагы бир шахтер – Эдуард Лях ооруканада эртең менен көз жумган. Ошону менен бул жолку шахтынын жарылышынан курман болгондор эсеби 39 кишиге жеткен.

Кырсыктын себебин иликтөөгө киришкен мамлекеттик комиссиянын адистеринин айтымында шахтанын ичиндеги метан затынын топтолушу саал суюулган. Ошондон улам алар бүгүн шахтанын ичине түшүү мүмкүнчүлүгүн алышкан. Метан газы жарылган жер шахтанын 520 метр тереңинде экени дайын болууда.

«Южкузбассуголь» компаниясына караштуу 12 шахта бар экен. Анын бири - «Ульяновская» шахтасында бир айча мурда ичинен жарылуу болуп, анын айынан 110 көмүр казуучу көз жумган. Азыр да ошол эле компанияга карашуу «Юбилейная» шахтасынан да метан заты жарылып, 39 көмүр казуучунун жанын ала кеткен.

Ошондон улам «Ростехнадзор» кырсык болгон «Южкузбассуголь» компаниясынын лицензиясын чакыртып алуу талабын коюп чыккан. Бирок андай болгондо кыйла чарба шал болуп каларын эскертип, адистер менен саясий төбөлдөр арага түшүшүүдө. Кемеров обулусунун губернатору Аман Түлеевдин баамында анда абал кескин кыйындайт:

- Эгерде лицензиясын тартып алганда анда анын бардык 12 шахтасы менен ага караштуу филиалдарынын иши токтоп калат.

Компания ээлик кылган шахталарда баш-аягы 15 миңге чукул көмүр казуучу жана аларга көмөк көргөзүүчү 10 миңдин тегерегинде жумушчулар иштейт экен.

«Ведомости» эсептеп чыкканга караганда, эгерде Кузбасстык шахталар жабылса, анда маселен анын үч эле күндүк токтошу анын көмүрүн жагып аткан «Запсиб» комбинаты сыяктуу канчалаган ишканаларда иштеп аткан 100 миңдей кишини көчөдө ишсиз калтырат.

«Коммерсант» жазганга караганда көмүр казуучулар метан заты эмес эле кийинки учурда көмүр казуунун технологиясынын бузулушу, чыгымдан качып арзан жол менен иштегенге өтүү ушуга кирептер кылды дешкен.

Орусиянын көмүр өнөр жайы боюнча профсоюздун жетекчиси Иван Мохнатюктун пикири боюнча компаниянын жетекчилигин алмаштыруу дурус натыйжа берет. Андан сырткары коопсуздук маселеси дайыма көңүлдүн чордонунда болуга тийиш:

- Көмүрдү бир күнү көп казып, кийинки күнү эч нерсе казбай, ал аз келгенсип кырсыктан улам иштин такыр токтоп калганына караганда аз-аздан болсо да күн сайын казып туруу өйдө.

Анализчилер чөйрөсү «Ульяновская» шахтасында болгон кырсыктан кийин «Юбилейная» шахтасынын көмүр казуучулары коопсуздук маселесине катуу көңүл бура башташкан эле, бирок ошого деле карабай кырсык чыкты дешет.

XS
SM
MD
LG