Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

КМШда ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ӨЛТҮРГӨНДӨР ТАБЫЛБАЙ КАЛАТ


Төрөкул Дооров, Москва 28-майда Моcквада Журналисттердин эларалык Федерациясынын кезектеги конгресси ишин баштайт. 2-июнга чейин бир топ мамлекеттерден келген миңге жакын журналист жана байкоочулар басма сөз эркиндигинин абалы тууралуу талкуу жүргүзүшмөкчү. Бул жолку конгрессте карала турган башкы маселе – журналистикага ишенимди кайтаруу.

21-майда Азербайжан полициясы эки көз-карандысыз гезиттин кабарчыларын отурган имаратынан кууп чыкты. Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери «Реальный Азербайджан» деген орус тилде басылчу жана «Гунделик Азербайжан» деген азери тилиндеги гезиттердин кеңселерин тытып, бүт кагаз-документтери менен техникасын камакка алышты. Бийликтердин айтымында, гезиттердин кеңсеси көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө жайгашкандыктан, коопсуздукка коркунуч келтирет.

Ошентип, шаршембиден тарта бул эки гезит тең чыкпай калды.

Азербайжандагы коррупция жөнүндө көп жазып таанылган «Монитор» деген басылманын редактору Элмар Хусейновду былтыр мартта атып кетишкен. Анын өлүмүнө байланыштуу айрымдарды кармап, кийин айыпталгандар кылмышты мойнуна алышканына карабай, бул иш азырга чейин аягына чыга элек.

Батышта журналисттердин укуктары үчүн күрөшкөн уюмдар Азербайжанды көз карандысыз журналисттердин иши үчүн эң коркунучтуу мамлекеттердин катарына кошкон. Анткен менен жумурияттын өзүндө басма сөз эркиндигине байланышкан суроолор анча деле популярдуу эмес.

Соңку мезгилдерде постсоветтик тигил же бул мамлекетте «гезит жабылды», «журналистти өлтүрүп кетишти» деген кабарлар көп айтыла баштагандай. Журналисттик уюмдар, саясатчылар менен элчиликтер ачык каттарды жазышат, эларалык уюмдар болсо дүйнөдө сөз эркиндигин кысмактаган мамлекеттердин тизмесин жарыялашат. Бирок журналисттерди ким өлтүрүп жатканы көп учурда белгисиз бойдон кала берүүдө. Эмне үчүн кылмышкерлер табылбайт?

Москвада ишин баштай турган Журналисттердин эларалык Федерациясынын конгресси иш күндөрүнүн бирин толугу менен ушул суроо үстүндө талкууга арнамакчы. Федерациянын баш-катчысы Айдан Уайттын айтымында, журналисттерди өлтүрүү менен байланышкан кылмыш иштеринин ачылбай калышы көбүрөөк Орусияга мүнөздүү көрүнүш. Ушундан уламбы, бул Федерация Орусиядагы беш журналисттин өлүмүн иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөнү жатат. Өлкөдө 2000-жылдан бери 14 журналист киши колдуу болгон. Бирөөсүнүн да иши ачыла элек.

Постосветтик аймакта басма сөздүн дагы бир кызыкча абалын Казакстандан байкаса болчудай. Мамлекеттеги маалымат каражаттарынан сиз өкмөттү сындаган эч кандай деле макала-материалды таппайсыз. Бул, чынында, казак өкмөтү аябай жакшы иштеп, ага нааразы болгондор такыр жок дегенди билдирбейт. Жөн гана өлкөдөгү негизги маалымат каражаттары бүгүн же президент Назарбаевке жакын адамдардын колунда, же анын саясатын колдогондордун менчигине өттү.

Журналисттерди коргоо комитетинде иштеп жүргөн Эмма Грей бул тууралуу 2001-жылы эле айткан болчу.

- Казакстандын маалымат мейкиндигинин эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – Назарбаев, анын үйбүлө мүчөлөрү жана бизнес чөйрөсүндөгү жакын адамдары республикадагы маалымат каражаттарына толук көзөмөлдү орнотушкандыгында. Сыналгы каналдары, гезиттер жана радио, дегеле, өлкөдөгү эң таасирдүү медиянын бөлүктөрүндө Назарбаевдин үлүшү жогору.

Президент Назарбаевдин тууган-туушкандары менен достору өлкөдөгү маалымат булактарын өлкө көз-карандысыз мамлекет катары жарыялангандан кийин эле ала башташты. Президенттин кызы, Дарига Назарбаева, көп убакыт бою «Хабар» маалымат агенттигин жетектеп келгени белгилүү. Ал 2003-жылы өзүнүн саясий партиясын түзгөндөн кийин гана «Хабардын» жетекчилигинен расмий түрдө кетет. Бирок азырга чейин агенттиктин ишине түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Кийинчерээк өкмөттү сындап жүргөн гезит катары таанылган «Караванды» жана КТК каналын Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев сатып алды. Бирок бул өңдүү аракеттер да журналисттерди коркутуп-үркүтүү болбосо, оңой менен ишке ашмак эмес.
XS
SM
MD
LG