Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТТАР ОРУС ЖАРАНДЫГЫН АЛЫШАТ?


Төрөкул Дооров, Москва Чет-өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын басымдуу бөлүгү Орусияда жашайт. Айрым кабарларга караганда, орус жеринде жарым миллиондон ашуун кыргызстандык жаран бар. Бирок, бүгүн алардын баарын эле «кыргыз жараны» деп атаганга болобу? Бул суроонун жаралышына Орусиядагы кыргызстандыктар массалык түрдө орус жарандыгын алып жатышканы себеп болууда. Жакында Орусияда болуп кайткан Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, 2007-жылдын январынан апрель айына чейин 30 миң кыргызстандык жаран орус атуулдугун алган.

Ашырбек Атабаев жана Турдубек Тургунбаев менен мен жакында, Москвадагы кыргыз элчилигинин имаратында таанышкан элем. Жарым кылымды жашап койгон бул эки дос азыр эми Москвадагы эң чоң эки курулуш материалдар базарында кара жумушта иштейт дегенге баштан ишене бербеген экем. Бирок, убагында совхоздун алдыңкы инженерлери болуп атыккан бул кишилердин өнөрү азыр мекенинде анча бааланбай калгандан кийин, алар кимге арызданмак?

Т.Тургунбаев:- Инженер-механик болуп иштегенбиз. Кийин колхоз-совхоз деген жоюлуп кетти. Жумуш да таппай калдык. Анан бул жакка келе бердик. Беш жылдай болуп калды келгенибизге.

«Азаттык»:- Орус жарандыгын алууга аракет кылган жоксуздарбы?

А.Атабаев:- Көпчүлүк алып жатат. Биз да документтерибизди тапшырып койгонбуз. Буюрса, 15-20 күндөн кийин тийип калат деп турабыз. Анткени азыр орус жарандыгын албасаң, базарда иштегенге мүмкүн эмес.

Т.Тургунбаев: - «Мытищи» базарында, мисалы, иштеген кыргызстандыктардын 30% алып жатат. Документтерин тапшырып коюшкан.

Кыргызстандын Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Тажимамат Шаболотовдун айтымында, кыргызстандык жарандарга орус атуулдугун алуу, башка чет-өлкөлүктөргө караганда, алда канча оңой. Анткени, эки мамлекеттин өкмөттөр аралык келишимдеринин негизинде, кыргыз жарандары кыска мөөнөттүн ичинде орус жарандыгын ала алышат.

Бүгүн бул укугунан пайдаланып жаткандардын саны кескин өсүп баратат. Буга ушул жылдын башында Орусиянын миграция боюнча мыйзамдарына жаңы тартиптер киргизилип, чет элдиктерге базарларда сатуучулук кылганга тыйуу салынышы да түрткү болду окшойт.

Москвадагы көчөлөрдүн биринин боюнда жайгашкан кичинекей дүкөндө иштеген Гүлбарчын айым сатуучулук кылыш үчүн орус паспортун алганга аракет кылып жүрөт.

- Орусиянын жарандыгын алганга аракет кылып жатам. Документтеримди чогултуп койдум. Эми келерки дүйшөмбүдөн документтеримди тапшырам го. Өзүм азыр иштеп жаткан райондун паспорт столуна арыз жазам. Алар мага справка бериши керек. Андан соң, 3-4 айдын ичинде жарандык беришет. Иши кылып, ар ким ар кандай эле жолдор менен алып жатат, - дейт Гүлбарчын айым.

Чынында, ким кандай жол менен паспорт алып жатканы белгисиз. 24 жаштагы Майрам да жакындан бери орус жарандыгын алганга дилгир. Бирок эң корккону – азыр чет мамлекеттерден келген мигранттарды алдап, жасалма паспорт берип жаткан көз боёмочулар да көбөйүп кетиптир. Ошон үчүн Майрам ишенимдүүрөөк маалымат күтүп турат.

- Азырынча кантип жарандык алыш керектиги тууралуу так маалыматыбыз жок. Ошондуктан азырынча толук ишене турган адамдарды таппагандыктан, документтерибизди тапшыра элекпиз. Эгер бизге мыйзамдын чегинде жарандык алып бере ала тургандарды таап калсак, баарыбыз эле алмакпыз. Себеби орус жарандыгың болсо, акчаны көбүрөөк тапканга, милицияга түшпөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралат. Мисалы, азыр өзүбүздүн кыргыз жарандыгы менен иштеп тапкан акчаңдын 50%зын түрдүү жолдор менен кармап калып жатышса, орус жарандыгын алгандан кийин ушуга дагы 50% кошулат дегенди билдирет. Ушундан улам, орус жарандыгын алуу азыр бул жакта жүргөн кыргызстандыктар үчүн эң пайдалуу нерсе.

Бирок, албетте, атуулдук маселеси менен иштеп жаткан баардык эле фирмалар «алдамчылар» эмес. Кээде мыйзамдын чегинде эле жарандык алган кыргызстандык мигранттар да милиция кызматкерлерин көргөндө эле баарыбир «оозуна келме келбей калат» дейт Майрам.

- Биринчиден, атуулдукту алганга чейин милицияга түшүп жүрө берип, анан жарандык колго тийгенден кийин да, милицияны көргөндө, коркуу сезими пайда болот. Анан эсиңе келгенче, милиция да жаныңа келип калат. Ошондо көпчүлүк өзүнүн толук дарегин өзү так айта албай тили бурмаланып калат. Экинчиден, орус жарандыгын алган баардык эле мигранттар орус тилинде эркин сүйлөй беришпейт. Өзүнүн укуктарын өзү коргой албайт. Мыйзамдарды жакшы билишпейт. Ошондуктан, жарандыкты мыйзам чегинде, таза жол менен алган күндө да: «Сени компьютерден таппадык!», - деп милиция коркутса эле, анын колуна акча кармата коюшат. Анткени жарандык үчүн өзү чуркап, өзү документтерди толтуруп, өзү алган эмес, бирөөлөр аркылуу, фирмалар аркылуу алган.

Орусияга иш издеп келип жаткан кыргыз мигранттарынын көпчүлүк бөлүгүн 20 жаштан 35 жашка чейинкилер түзөт. Майрамдын айтымында, калктын дал ушул ишке жарамдуу бөлүгү орус жарандыгын алууга умтулууда.

- Бул жактагы кыргызстандык жаштардын басымдуу бөлүгү жарандык алганга умтулуп жатабыз. Анткени милиция токтото берет, текшере беришет, анысы аз келгенсип, жумуш жок. Кайсыл жерге барба, орусиялык жарандарды гана алышат. Биз орус жараныбызбы, же кыргыз жараныбызбы – биздин өзүбүз үчүн эч кандай айырмасы жок. Орус жараны болуп калсак деле, акчабыз Кыргызстанга кетип жатпайбы! Биз жок дегенде 10 жылга орус жарандыгын алып туруп, өзүбүздүн жеке проблемаларыбызды чечип алганыбыздан кийин, бараар жерибиз баары бир – Кыргызстан, - дейт Москвадагы метролордо жарнама баракчаларын таркатып турган азырынча кыргызстандык жаран Майрам.

XS
SM
MD
LG