Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

ХАМАС тобунун согушкерлерине каршы аба соккусу уланат


Израиль премьер-министри Эхуд Ольмерт Газа секторунан Израилдин аймагын көздөй ракеталык аткылоо токтомоюн аба соккусу улана берээрин билдирди. Ольмерт бул тууралуу ХАМАС жаңчылары Израиль түштүгүндөгү Сдерот шаарына жасаган соңку аткылоодон кийин айтты. Соңку аткылоодон бир адам тындым болуп, дагы бирөө жаракат алган. Ушул айдын орто ченинен бери Газа секторунан Израилди көздөй 250дөн кем эмес ракета атылган.

XS
SM
MD
LG