Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

AФИША: АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


23-майда Бишкек жазы-2007 фестивалынын галла концерти өттү. Салтанат жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды. Калыстар тобунун берген баасы боюнча Кыргыз Орус славян университети гран приге татыктуу болуп, он сегиз миң сом өлчөмүндөгү сыйлыкты жеңип алышты. Ал эми биринчи орунга Бишкек экономикалык жана ишкердүүлүк университети , экинчи орунга Медициналык академия жана Кыргыз түрк Манас университети татыктуу болду. Эске салсак Бишкек шаардык мэриясы жана маданият башкармалыгы уюштурган бул иш-чарага жалпысынан жыйырмадан ашык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул фестиваль быйыл алтынчы ирет өткөрүлдү. Бишкек шаардык маданият башкармасынын төрага орун басары Малик Ракишевдин билдиргенине караганда, ушундай студенттик фестивалга катышкан айрым таланттар учурда чет өлкөлөргө барып, өз өнөрлөрүн тартуулашууда.


Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында 23-майдан тартып, 25-майга чейин драматург Кайрат Иманалиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Актриса” спектакли коюлду. Спектакль Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Тамара Жумакаеванын жаркын элесине арналган. Анда маркумдун чыгрмачылыгы, жеке жашоосу чагылдырылган. Спектаклде башкы ролду, башкача айтканда Тамара Жумакаеванын ролун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Дамира Баратбаева ойнойт. Драманы режиссер Шамбет Меңдибаиров сахналаштырган. Абдыкадыр Жакшылыковдун билдиргенине караганда бул спектакль буга чейин да коюлган. Спектакль Маданият жана маалымат министрлигинин сынынан өтүп, Ош шаарында өтүүчү республикалык театралдык фестивалга жолдомо алган.

25-майда Калый Молдобасанов атындагы аткаруучулардын жана музыканттардын биринчи фестивалы башталды. Бул маданий иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынын музыкалык мектептеринин таланттуу улан-кыздары катышты. Фестивалды КРнын маданият жана маалымат министрлиги дирижер, СССрдин эл артисти Калый Молдобасановдун жылдыгына карата уюштурду. Иш-чара маркумдун дүйнө салган күнүнө карата 29-майда улуттук опера жана балет театрында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи менен коштолот. Айта кетсек биринчи орунга беш миң сом, экинчи орунга төрт, үчүнчү орунга үч миң сом акчалай сыйлык ыйгарылат. Кыргыз музыка өнөрүн өркүндөтүү жана башка өлкөлөргө жайылтуу максатында уюштурулуп жаткан бул фестиваль мындан ары эки жылда бир өткөрүлөт. Ал эми уюштуруучулар келечекте чет өлкөлүк музыканттарды да чакырып, фестивалды эл аралык деңгээлге көтөрүүнү ниет кылышууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG