Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

ЭРКИН БАЙСАЛОВ: ЭНЕРГОТАРМАКТА МАМЛЕКЕТКЕ БАШ ИЙБЕГЕН ДАГЫ БИР МАМЛЕКЕТ ПАЙДА БОЛДУ


Жогорку Кеңеш бүгүн Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы тууралу мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карайт. Өкмөт “Камбарата” ГЭСтерин менчиктештирүүгө тыюу салган өзгөчө макамды алып салууну көздөдү. Эгер бул долбоор кабыл алынса “Камбарата” ГЭСтерин куруу боюнча Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосундагы биргелешкен ишканага түзүүгө жол ачылмакчы. Бул мыйзам долбоорун парламент өткөн жуманын башында карап баштап, бирок энергетика тармагын менчиктештирүү программасы боюнча өкмөттүн отчетун угууга өтүп кеткен эле. Бул маселе боюнча “Азаттык” менен таңкы эфирде Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Байсалов ой-пикир алышты.

- Жогорку Кеңеште бир нече күндөн бери энергетика жөнүндө сөз болуп жатат. Негизинен тармактын элге белгилүү проблемалары талкууланууда. Сунуш кылынган мыйзамды бүгүн добушка саласыздарбы, парламент айтылган сындарга карабай колдочудайбы?

- Бүгүн ошол мыйзамды карап баштайбыз. Ага чейин менчиктештирүүнүн биринчи үч этабын карап чыктык. Биринчи үч этабы көп кемчилик менен ишке ашкандыгын өкмөттүн отчету боюнча маалым болуп атат. Кандай кемчилитктер кеткенин сиздер да уктуңуздар болуш керек. Ушул мыйзамды кабыл ала турган болсок, төртүнчү этабына кадам шилтегендей болот болушубуз керек. Бирок биз айтып атабыз, өкмөт өзү анализ жасап, эгерде ошого бара турган болсок биздин мамлекет кандай пайда көрөт, кандай зыян алып келиши мүмкүн, ошонун барын анализдеп туруп, бизге жакшы отчет жасап, программасын айтса ошондон кийин карасак деген сунуштар айтылган. Мен да ошондой деп ойлойм. Азыр шашпашыбыз керек, өтө кылдат мамиле жасашыбыз керек. Бүт чыгарылып аткан продукциянын баасы азыркы убактагы электр энергиянын баасы менен аныкталат. Ошон үчүн биздин экономиканын өсүшүнө бул түз таасирин келтирет. Андан сырткары азыр электр энергия товар болуп, барган сайын анын мааниси өтө чоңоюп атат. Ошон үчүн биз шашпай жакшы, жаман жагын анализдеп туруп чечим кабыл алышыбыз керек.

- Энергетика Кыргызстандын саналуу байлыктарынын бири. Бул тармак үлгүлүү, динамикалык өнүккөн компания болуш керек эле. Бирок тилекке каршы азыр андай эмес. Уурулукту токтотуу боюнча жок дегенде Бишкектин мисалында конкреттүү иштер башталышы керек го. Эмне үчүн кечеңдеп жатат?

- Бул жерде мамлекет, өкмөт өзүнүн жаман менеджер экенин көрсөтүп атат. Жакшы менеджер боло албай атат. Кыргызэнергонун ордуна 7 акционердик компания түздүк эле. Ошол түзүлгөндө өкмөт дагы айтты эле коммерциялык жоготуу, уурдоо, коррупция азаят деп. Бирок тилекке каршы акыркы отчету көрсөтүп атат коррупция кайрадан күчөп, коммерциялык жоготуу, уурулук өсүп атат. Мына 38 пайыздан ылдыйлабай койду. Ошон үчүн биз бул башкаруу системасын өзгөртүшүбүз керек. Мамлекеттин ишинде энергосистемада экинчи эч кимге баш ийбеген мамлекет пайда болду.

- Эркин мырза, сунуш кылынган мыйзам бул ирет кабыл алынбайт деп айтсак болобу Камбарата боюнча мыйзам?

- Бул мыйзамды жактаган да, каршы да депутаттар бар. Бүгүн талкуу көрсөтөт кабыл алабызбы, же кабыл албайбызбы. Бирок өтө маанилүү маселе, ошон үчүн өтө кылдат мамиле жасашыбыз керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG