Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:53

17:45 Кызылкыя шаардык кеңешинин депутаттары төрагага ишенбөөчүлүк билдиришти


БАТКЕН. Бул тууралуу “Азаттыка” Кызылкыя шаардык кеңешинин депутаты Мамыт Ботоев 28-майда маалым кылды. Кабарлоодо жергиликтүү 21 депутаттын 11и, Кызылкыя шаардык кеңешинин төрагасы Файзулла Каратаевге өз ишенбөчүлүктөрүн билдирүү максатында сессияда каршы добуштарын беришкен. Бул аракеттерин жогорудагы депутаттар, жылдын бешинчи айы болсо да Кызылкыя шаары боюнча 2007-жылдын бюджети кабыл алына электигин, төрага депутаттардын алдында бир да отчет бере электигин жана 24-майда өткөн жергиликтүү депутаттардын сессиясы аягына чыкпастан төрага катышпай чыгып кеткенин негиздөөчү далил катары айтышууда. Бул тууралуу 28-май күнү жергиликтүү төрага Файзулла Каратаев “Азаттыкка” депутаттардын арасында төраганын ордун көздөгөндөр провакация кылышууда деп жооп берди. (SA)

XS
SM
MD
LG