Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

«КАМБАРАТАНЫН» БАКТЫСЫ КАЧАН АЧЫЛАТ?


Камбарата ГЭСтерин курууга жол ачуучу мыйзам долбоорду кароого парламент өткөн жумадан бери кирише албай турат. 28-майдагы жыйында айрым депутаттар бул маселени күзгө калтырууну сунуштаса, өкмөт жана парламенттин тийиштүү комитети кийинки жумадан баштап кароону жактоодо.

Дүйшөмбү күндөгү сессиянын алгачкы жарым сааты адаттагыдай эле округдардагы маселелерди козгоо менен башталды. Анын алкагында депутат Жусуп Иманалиев Таластагы кырдаал жана премьер-министрдин бул регионго жумуш сапарындагы окуя тууралуу маалымат берди. Андан кийин депутаттар Конституциялык соттун жана Жогорку Соттун өткөн жумада шайланган судьяларынын антын кабыл алды. Мына ушундай маселелер каралгандан кийин төрага «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү, тагыраак айтанда, бул мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин чыгарууну кароого киришүүнү сунуштады.

Отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитет төрагасы Камчыбек Ташиев кошумча даярдыктар көрүлгөндөн кийин эмки жумадан баштап маселени кароо зарыл деген пикирин билдирди. Ал эми депутаттар Муратбек Мукашев, Азимбек Бекназаров, Давран Сабиров жана Темир Сариев бул маселени күзгү сессияга калтырууну жактады. Алардын жүйөөсүн депутат Темир Сариев мындайча ачыктады:

"Бүгүнкү күндө Камбарата-1, Камбарата-2 боюнча бизге толук маалымат берилген жок. Ал кайсы жол менен барат, кандай жасалат деп. Силердин сунуштаган жолго депутаттардын көпчүлүгү каршы. Ошондуктан күзгө чейин калтырып, ага чейин Техникалык экономикалык негизге чейинки кагаздар бар, ошолорду беришсе. Өкмөт да өз позициясын толук ачыкташ керек".

Жыйынга катышып отурган өкмөт башчы Алмаз Атамбаев маселени созуунун эч кандай пайдасы жок деп, буларга токтолду:

"Биринчиден, мына бул мыйзам кабыл алмайынча өкмөт эч кандай сүйлөшүүгө бара албай жатат. Сүйлөшүү жүргүзүүгө укугубуз да жок. Ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин кандай макулдашуу түзөбүз, кимге канча үлүш тиет, мунун баары мыйзамда жазылып жатпайбы."

Депутат Ташиев да ГЭСтерди куруу маселесин күзгө калтырууга каршы болду:

"Бул жерде сөз Камбарата ГЭСтерни куруу жөнүндө гана болуп жатат. Муну Бекназаров деле, Сариев деле, Мукашев деле жакшы билет.ГЭСтер башка бийлик учурунда курулуш керек деген болбойт. Митинг аркылуу жүргүзгөн саясий оюнуңарды эми парламентте уландырбагыла. Мындай аракетиңер ишке ашпайт."

Мына ушундай талкуулардан кийин төрага Марат Султанов маселени күзгө калтыруу сунушун добушка койду. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Эми парламентарийлер июнь айынын күн тартибин тактоо учурунда ГЭСтерге байланыштуу мыйзамды кайсы күнү кароону аныктамакчы. Ал эми бул жумада Жогорку Кеңеш комитеттерде гана иштейт. Анткени шейшемби күндөн тарта 21 депутат КМШ, Евразия экономикалык шериктештиктин алкагындагы парламентик жыйындарга жөнөп кетмекчи. Ошондуктан кворум болушу кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG