Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Орусия грузин жарандарына виза берүүнү жарым-жартылай калыбына келтире баштады


Бул тууралуу Орусиянын Тбилисидеги элчилигинин консулу Валерий Василиев билдирди. Маалыматка караганда, виза үй-бүлө мүчөлөрү Орусияда жашаган же орус жарандыгын алган, же болбосо Орусияда убактылуу жашаганга уруксаты бар грузин жарандарына гана берилет. Грузиянын тышкы иштер министри Гела Бежуашвили муну эки тарап үчүн тең пайдалуу чечим деп атады.Москва грузин жарандарына виза берүүнү былтыр сентябрдын этегинде, орус офицерлеринин тобу Тбилисиде тыңчылык менен айыпталып камалган соң токтотуп койгон эле.

XS
SM
MD
LG