«Агым» гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы Алишер Токсонбаев Кытайда болуп, Артыш шаарына максым заводун куруп, илгери бир интервьюсунда: « Чыңгызхан дүйнөнү кылыч менен чөгөлөтсө, мен максым менен багындырам» деп айткан кыргыз ишкери, Кытайдагы «Шоро» жана «Шоро-Дордой» компанияларынын президенти Табылды Эгембердиевге жолугуп, алыс жерде жүргөн азаматтын ал-абалы менен таанышып кайткан. Табылды мырза, заводду 6 айда куруп бүткөнүн, азыр күн сайын 2-3 тоннадан максым чыгарып, сыноо иретинде сата баштаганын, кытай бийлиги 6 гектар жерди бекер тартуулап, 10 чакырымга электр энергиясын акысыз тартып, 200 метр жерди бургулап суу агызып бергенин, эми 1,5 чакырым жолду асфальттап, заводго газ киргизгени жатканын, деги эле кандай гана иш жасаба Кытайда мыйзам деген бийликтен алда канча күчтүү болорун, ушу кезге дейре бир атка минерге бир тыйын бербегендигин кубанып айткан Табылды мырза Кыргызстандагы окуяларга да оюн билдирген. Кыргызстанды кризисттен чыгарууга Атамбаев бийлигинин күчү келерине көзү жетпей калганын, анткени бүтүндөй финансы уюмдары президент Бакиевдин амирине баш ийерин, аны да Бакиев жалгыз тейлебестен анын айланасындагылар тейлээрин, демек аларга дал ушундай башаламандыктан өткөн мыкты жол жоктугун, өлкөнүн келечегине ушулар бут тосуп жатканын, эгер Бакиев Акаевдин жолун кайталабастан батыл реформаларга барганда тарыхка кыргыздын Ден Сяопини катары алтын тамгалар менен жазылып калмагын, чындап келсе азыр деле кеч эместигин айтып аңгеме курган.
Ушул эле гезиттин «Жолбүгүнү» да өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө арналган. Гезит Акаев түзүп кеткен чийме боюнча республика электр тармагын үлөштүрүүдө 6 акционердик коомго бөлүнгөнүн, алтоонун ар биринде бери дегенде эле алтымыштан компания иштээрин, эгер Атамбаев чындап кармашса ага деле күчү жетерин, бирок бир «носу», ошол энергокошелектордун баарынын үстүнөн көз салып турган үлкөн кошелек барын, ага бүгүн Кудайдан бөлөк эчкимдин алы жетпестигин, жөнөкөй эле мисал, энергетика комплекси 2003-жылы мамлекет казынасына 623 миллион сом төксө, жаңы бийлик келгени ал үч эсеге кыскарганын, ал эми 2006-жылдын 1-сентябрына карата энергетика тармагы салыктан эле 1 миллиард сом карыз болгонун, коррупцияга каршы күрөш ачкан президент «Коррупцияга каршы агенттик» деп аталган ашка жүк-башка жүк тармак түзгөнүн, анда 100гө жакын техкызматкерлерди эсептебегенде эле 49 атка минер мамлекет акырынан жем жээрин, айтор жаңы премьер-министр Алмаз Атамбаевге азырынча сөз менен арка-жөлөк болгондон бөлөк эч нерсе колдон келбестигин, ал буга чейин өзү айткандай Желтегирмен менен согушкан Дон Кихоттун кейпин кийип калганын, андан да эч бир азуулуунун тиши өтпөгөн бука, бизон деген кошелекторго казат ачам деп айбат кылып турганын… деги эле ушул «согушта» Атамбаевди Кудай өзү сактагай эле!.. деп жазды.
«Кыргыз туусу» гезити менен баарлашкан КР маданият министри Султан Раев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтүүчү саммити учурунда искусство фестивалы болорун, ага саммитке кирген өлкөлөрдөн 600 дөн ашуун өнөрпоздор катышарын, улуттук ар-намыстын иши боло турган фестивалга кеткен ыгым-чыгымдар кайра келип эле ар кандай ишкер долбоорлор менен гранттардын эсебинен эселеп кайтарыларын, ушу тапта фестивалга карата 25 миллион сом бөлүнүп, Токтогул атындагы кыргыз филармониясы ремонттолуп жатканын айтып берди.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда антиамерикалык маанай күчөп барат, маселен А.Ивановдун өлүмү, ошол эле америкалык авиабазанын кызматкеринин күнөөсү менен дагы бир кыргызстандыктын жол кырсыгынан ажал табышы, аренда акысы, экология маселеси…ушулардын баары биригип келип, бүгүн "Янкилер кетсин!» деген ураанга чейин өсүп жетти деп жазды «МСН» гезити.
Бул ызы-чунун баары акыркы беш жылдан бери өлкөнү кучагына алган жалпы саясый безгектин натыйжасы дейт, белгилүү коомдук ишмер Роза Отунбаева. Анткени бийликке болгон ишеним кризиси айыкпас дарт сыяктуу коом менен өлкө денесинин улам таза бөлүгүн карай жайылып барат. Дарт айрыкча акыйкатсыздык менен мыйзамсыздык, паракорлук менен коррупция басып алган жерлерде жарылып кетчү жарага айланууда. Көпчүлүк учурда саясый күрөштүн күүсүнө түшүп алып, окуянын түпкү маанисин түшүнүп-түшүнбөй эле албууттанган сезимдерге алдырып жиберүүдөбүз. Мына ушунун баары опурталдуу, өзгөчө өлкөнүн эларалык мамилелердеги ишине келгенде өтө опурталдуу. Албетте, ар дайым Кыргызстанды «младший брат» деп санаган Маскөө кыргыз жергесинен америкалыктардын чыгып кетишин каалап турат. Бирок, мындай иштерди чечүү маселеси «ага-инилердин» акыл-кеңеши эмес, ар бир мамлекеттин өз башы менен жүргүзүлүшү керек экендигин белгилейт, белгилүү коомдук ишмер.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ