Чат базар айылындагы ооруканада жаткан сегиз аял пайгамбар жашына барып калышкан адамдар. Алар өткөн ишембиде өкмөт башчы Алмаз Атамбаев түшкөн автоунаанын жолун тосуп отургуч коюп отурушканда, милиция кызматкерлери жолду бошотуу максатында отургучу менен көтөрүп жолдун четине чыгарышканда аялдар жыгылышып денелеринен ар кандай жаракат алышкан. Учурда аларды догдурлар текшерүүдөн өткөрүшүүдө. Ал эми Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын имаратынын жанында жүздөн ашуун адам митинг өткөрүшүп, жол тосууда ээн баштык кылышкан делип шектелип убактылуу кармоо жайында жатышкан он чакты адамды чыгарууну талап кылышууда. (AJ)