Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

12:35 Укук коргоочулар Таласта


Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына кирүүгө уруксат алдык. Бир аз убакыттан кийин ал жерде кармалып жаткан тогуз укук коргоочу менен жолугшуп, көзмө көз сүйлөшөбүз, деп билдирди “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова. Бүгүн эртең менен Таласка Исмаилова менен кошо укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Наталья Лазарева дагы барышкан. Алар Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев жана митинг учурунда жабыр тарткандар менен жолугушуп, окуянын чоо-жайын угушту. “Бул тууралуу камактагы укук коргоочулар, укук коргоо органдары менен жолугушкандан кийин өзбүздүн укук коргоо боюнча эксперттик өз карашыбызды билдиребиз”, деди Исмаилова. (AJ)

XS
SM
MD
LG