Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:59

15:35 Ө.Субаналиевге байланыштуу сот жараяны убактылуу токтотулду


Сот жараяны Башкы прокуратура тарабынан массалык баш аламандыкты уюштурган делип козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы чыгарылгандан кийин улантыла турган болду. Субаналиевдин жактоочусу Т. Чильникина соттун мындай сунушун туура көрдү. Бүгүн саат 14:00 Биринчи май райондук соту Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев жана фронттун мүчөсү Виталий Искаковго байланыштуу соттук териштирүүнү баштаган. Аларга митингде Ички иштер министрлигине 4 млн. сом чыгым келтирди, делип айып тагылып жаткан. Буга чейин Өмүрбек Субаналиевдин, «Атамекен» саясий партияларынын мүчөлөрү Өмүрбек Абдыракманов менен Адилет Айтикеевдин үстүнөн 19-апрелде массалык тартипсиздикти уюштурду деген негиздеме менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG