Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

18:10 Нарында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы белгиленди


НАРЫН. Аталган майрам Нарын шаарындагы Жеңиш паркында белгиленип, ага облус губернатору Жыргалбек Азылов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Улуу Ата мекендик, Ооган согуштарынын, Баткен коогалаңынын катышуучулары келди. Облус башчысы келечек муундарды мектеп жашынан баштап патриоттук сезимге тарбиялаш керектигин баса белгилеп, райондордон келген катардагы жоокерлерге, офицерлерге облустун Ардак грамотасын тапшырса, Нарын шаар мэри №93-546 аскер бөлүгүнө акчалай сыйлык берди. Аскердик салтанаттуу жүрүш облуста биринчи жолу кыргыз тилинде башкарылып, аны 93-546 аскер бөлүгүнүн командири Бердибек Асанов алып барды. Учурда Нарын шаарынын №20-25 Тайлак баатыр атындагы чегара аскер бөлүгү жана №93-546 аскер гарнизону жайгашкан. (JI)

 

XS
SM
MD
LG