Премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурда анын кортежине таш ыргыткан окуядан кийин камалгандардын алгачкыларына кечээ 72 саат болду. Буга байланыштуу алардын бешөөнө кылмыш-жаза кодексиндеги «массалык баш аламандыкты уюштуруу», «укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге каршылык көрсөтүү» деген 3 берене боюнча айып тагылганы кечээ кечинде угузулду. Ошондой эле аларды камоо мөөнөтү прокурордун санкциясы менен тергөө аяктаганча узартылды. Бүгүн камактагы калган беш адамга тагылган айыптар угузулушу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Кубанычбек Мударисов билдирди. Айрым укук коргоочулар болсо бул айыптар негизсиз экенин айтып жатышат. (SM)