Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ЖҮЗҮҢДҮ АЧЧЫ, ФЕМИДА !


Бийлик кылмыш дүйнөсү менен ажырагыс болуп ашташып калды деген дооматтар коомчулук арасында жашап келатканына көп болду. Чын эле ушундайбы?

«Дело №» гезити Таш-Көмүр шаар кеңешинин депутаты Искендер Маматкадыров деген жаран Таш-Көмүрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп тааныштырганын «Централ Азия ТV» телекомпаниясынын вице-президенти Канымгүл Тентимишова президент К.Бакиевге жазган кайрылуусунда баяндаганын, бир канча ирет жалданып киши өлтүргөн деген күнөө менен издөөдө жүргөн Кубан Жолдошев ушул жылдын 17-апрелинде камакка алынганын, баса кармаларда пистолет менен милийсанын улук лейтананты Эрлан Искендеровду атып өлтүрүп, төрт баласын жетим, жубайын жесир калтырганын, эми мына ушул киллерди Кыргызстандын башкы прокуротурасы Юстиция министрлигинин кызматкеринин кепилдиги менен эркиндикке кое бергенин, дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун демилгелүү мүчөлөрүнүн бири, курал-жарак менен колго түшүрүлүп, камакка алынган Чыңгыз Жумагуловду Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту актап жибергенин жазып чыкты. Гезит ошондой эле саясатка жигердүү аралашып келаткан жаштарды УКК коркутуп жаткандыгын, А.Атамбаевдин уулангандыгы чын экендигин медиктер тастыктап чыкканын, белгисиз бирөөлөр тарабынан ыргытылган граната жарылган офис президенттин бир тууганы Адыл Бакиевге таандык экендигин маалымдады.

«Белый пароход» гезитинин суроолоруна жооп берип жатып, белгилүү саясат таануучу, Кыргыз Орус Славян университетинин профессору Нур Омаров, өлкөнүн бүгүнкү абалына «Кыргызстанда бийликтин стабилдүү кризиси өкүм сүрүүдө» деген баасын берди. Анын айтымында, Бакиев элге марттык менен тараткан убадалардын бири да түшүм бербегендигин, Кемин, Кумтөр, Талас чатактары качан болсо атылууга даяр турган вулкан бойдон калып жатканын, буга кошул-ташыл генерал Өмүрбек Суваналиевге суу кечпеген айып коюлуу менен сот иши башталганын, бийлик массалык башаламандыкты уюштургандардын башкы күнөөкөрү атаган генерал 2005-жылдын 24-мартында майда ишкерлерди 1 миллиард 70 миллион сомго отургузуп кеткен каракчылардан Бишкекти бир түндө, ак жоолукчан аялдар ызы-чуу менен бир жарым ай басып жатып, бир жарым ай мунжу болуп иштебей жаткан Жогорку Сот имаратын баскынчылардан жарым саатта тазалаганын, эми ошол Суваналиевди күнөөгө жыгуу менен Акүй Кыргызстанга дагы бир Жаңы Баатырды жасап жатканын, жакын арада саясат айдыңына Суваналиев башында турган жаңы партия жараларын… дагы көп нерселерди баяндады.

«Слово Кыргызстана» гезити Кыргызстан эркиндикке ээ болуп, өз алдынча түтүн булаткандан бери карай экономиканын локомотиви-жеке ишкердүүлүк деп кооз сүйлөгөндөн бөлөк Ата Мекендик ишкерлердин чекеси жылыгыдай бир дагы олуттуу иш жасай электигин жазды. Маселен, өлкөдө ишкерлердин баарына бирдей мамиле жасалбайт. Ошон үчүн ким бирөөлөрү текшерүүчүлөрдүн көзунүн агы менен тең айланып, алардын алаканына бирдем салып кутулса, экинчи бирөөлөрү чоң тебетейлүү атка минерлердин сүрсөөлөтүнүн көлөкөсү менен жан багат. Ишкерлер арасында чыныгы атаандашуу деген жоктуганан Кыргызстандагы ишкерлик 17 жылдан бери ташбака жүрүш менен жашап келет. Жакында өкмөт парламенттин кабыл алуусуна салык кодексинин жаңы вариантын жөнөттү. Эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо анда ишкерлерге дагы бир жолу тузак тартылып, коррупция мындан да бешбетер гүлдөйт.

«Энесай» гезити жакында эле «Мамлекеттик катчынын кызматында мен сизге караганда эки эссе көп жумуш жасай алам, президентке алпарып, «мына бул киши мага караганда эки эсе бат жана көп жумуш жасай алат» деп айтыңыз деп Мамлекеттик катчы А.Мадумаровго кайрылган Каныбек Абдыкадыров аттуу жигитти Орусия президенттери Б.Ельцин менен В.Путин, казак президенти Н. Назарбаев тааный тургандыктары тууралуу кабарлады. Ушул эле гезит Бишкектин тегерегиндеги жерлерди алып-сатуу соодагерчилигине токтолуп, Арча Бешик жаңы конушунун маданий жайларга деген жерлери сатылып кеткенин, мындай өзүм билемдик менен арам акчага туйтунган шылуундарга Бишкек шаар башчысы А.Ногоев кандай чараларды көргөнү жатты экен деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG