Алар Талас-Бишкек автожолун тосуудагы окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган он адамды бошотуу талабы менен турушат. Алынган маалыматтарга караганда “Асаба” партиясынын тең төрайымы Роза Отунбаева баштаган өкмөттүк комиссия учурда окуянын чоо-жайын иликтешүүдө. Ал эми кечээ премьер-министр Алмаз Атамбаев менен жолугушкан Таластык аксакалдар тобу бүгүн облустун губернатору Байымбет Мураталиев менен жолугушууда. (AJ)