Ар жыл сайын өтө турчу айыл жана шаар өкмөттөр аралык кыз келиндер арасында “Акмөөр” сулуулук сынагына анкеталар кабыл алына баштады. Сынакка он жети жаштан жыйырма үч жашка чейинки кыз келиндер катыша алат. Шаардык тургундар үчүн да чектөө жок. Катышуучулар үчүн он тапшырма берилет. Он тапшырманы ийгиликтүү аткраган төрт айымга баалуу белектер жана “Акмөөр” таажысы ыйгарылат. Сынактын негизги максаты кыргыз кызын улуттук сыймык катары баалоо жана беделин көтөрүү болуп саналат. (ESu)