Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

16:06 К. Исабеков: Ысыккөлдөгү жерлерди укук коргоо кызматы иликтей баштады


Финансылык полиция, эсептөө палатасы жана башкы прокуратура Ысыккөлдө казак жараандарына сатылган жерлер боюнча тергөө иштерин баштады, деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанчбек Исабеков. Анын айтымында,Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбеков башында турган парламенттик комиссия да бул туурасында иш алып барууда. Исабековдун билдиришинче, казак жарандар жергиликтүү элдин социалдык абалы начардыгынан пайдаланып алар аркылуу жерлерди сатып алып жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундар көл жээгиндеги эс алуу жайларына кире албай калганына нааразылык билдиришүүдө, дейт вице-спикер. (ESu)

XS
SM
MD
LG