Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

18:05 Зилзаладан жабыр тарткан Кочкор районунун тургундары бийликке нааразы


НАРЫН. Бул жөнүндө Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Жакшылык Шаршенов 30-майда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жогорку бийликке нааразы болгон кочкорлуктардын ар бир айылынан экиден өкүл 31-майда Бишкекке Акүйгө барууга даярданууда.
“Төртүнчү категориядагы үйү мына урайт дегендерге 50 миң сом берип атат. Үчүнчү категория төртүнчүдөн айырмасы жок – адегенде 30 миң сом деп коюп, кайра 10 миң сом кылып койду. Он миң сом менен базарга барсаң чычкак торпок да келбейт. Жыйырмадай киши Бишкекке барабыз, көпчүлүк элди алып барганда эмне андан көрө өзүбүз барып арыз-муңубузду көпчүлүк элдин атынан өкмөткө, бийликке билгизгени баратабыз. Кабыл алууну суранабыз, эгерде кабыл албаса Акүйдүн астында турабыз”, - дейт Теңдик айылынын тургуну Жакшылык Шаршенов. (JI)

XS
SM
MD
LG