Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

18:15 Сузак районунун атуулдары облустук бийлик менен укук коргоо органдарына кайрылышты


ЖАЛАЛАБАТ. Сузак районундагы Мундуз айылы менен Жалалабат шаарынын Сеграт кичи шаарчасынын өкүлдөрү облустук бийликтен жер басып алуучуларга каршы чара көрүүнү өтүнүштү. Алар мындан мурда канаттуулар фабрикасынын аймагын өзүм билемдик менен таратып ийген адамдарды жоопко тартууну талап кылышты. Аталган айыл менен кичи шаарчанын туругундары да жерге муктаж. Бирок канаттуулар фабрикасы кайра курулуп калабы деген үмүт менен алар жер ээлебей турушат. Мындай маалымат алардын өкүлү Канат Байжумаевден алынды. Анын айтымында, жергиликтүү калк менен жер басып алгандардын ортосунда жаңжал чыкчу болсо облустук бийлик жооптуу болот. Канаттуулар фабрикасынын жайдак жерлерин былтыр облустун түрдүү райондорунан келишкен үй-жайыбыз жок деген адамдар ээлеп алышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG